Бүгүн Ош облусуна караштуу Алай районунун аймагында жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, таңкы саат 5тен өткөндө Тажик республикасынын аймагында күчү 4,5 баллга жеткен силкинүү катталган. Жердин титиреши аталган аймакка жакын жайгашкан Кыргызстандын Алай районунун Боор-Дөбө, Ачык-Суу айылдарында да күчү 3-2,5 балл болуп сезилди. Азырынча кыйроолор жана жабыр тарткандар тууралуу кабар жок. (RK)