Жалал-Абаддын Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу жана Авлетим айыл аймактарында кечээ кечинде сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, Сел өткөрүүчү каналдан суу ашып, Жылгын айылында 7 үйдүн короо, сарайын, Тегирмен-Сай айылында 5 короону каптаган. Учурда райондун жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүрүгүзүп жүрөт. (RK)