Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Дамасктагы жардыруудан 13 адам мерт кетти


Сириянын борбору Дамаскта унаа жарылып, кеминде 13 адам мерт кетти, алардын арасында 10 полиция кызматкери жана бир жаш бала бар.

Улуу Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөө боюнча борбордун маалыматы боюнча жардыруу полиция башкармалыгынын алдында кечээ түнү орун алган.

Сириядагы мамлекеттик агенттик жардыруу болгонун тастыктап, аны жанкечти уюштурганын маалымдады, бирок өлгөндөрдүн санын берген жок.

Агенттиктин маалымдашынча чабуулду “террористтер” уюштурган, мамлекеттик массалык маалымат каражаттар Башар Асадга каршы күрөшкөн козголоңчуларды ушинтип аташат (AiK).

XS
SM
MD
LG