Испаниядагы негизги оппозициялык күч – социалисттердин партиясы өлкөнүн премьер-министри Мариано Рахойду кызматтан кетүүгө дагы бир жолу чакырды. Мындай чакырыктар El Mundo гезити премьердин азыр коррупция боюнча күнөөлөнүп жаткан мурдагы казыначы Луис Барсенас менен байланышын ачыктаган материалдарды жарыялаган соң пайда болду. Бийликтеги Элдик партиянын мүчөсү Луис Барсенас азыр камакта, ал пара алды жана салык төлөбөгөн деп күнөөлөнүүдө.
Басылма премьер-министр Барсенаска колдоо көрсөтүп, смс жиберген деп жазат.
Испаяниянын премьер-министри бүгүн кечинде кырдаал боюнча маалымат жыйын өткөрөөрү кабарланууда. (AiK)
Басылма премьер-министр Барсенаска колдоо көрсөтүп, смс жиберген деп жазат.
Испаяниянын премьер-министри бүгүн кечинде кырдаал боюнча маалымат жыйын өткөрөөрү кабарланууда. (AiK)