Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Жогорку Соттун тегереги милициянын курчоосунда турат


Бүгүн "Ата-Журт" партиясынын үч депутатынын ишин карай турган Жогорку Соттун имараты эртең мененден баштап милициянын курчоосунда турат. Орозбеков көчөсү Москва жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосунан жабылды. Мындай чара коопсуздук үчүн кабыл алынганын шаардык милиция кабарлоодо.

Бүгүн Жогорку Сотто былтыр 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен кармалган депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун соту башталат. (RK)

XS
SM
MD
LG