Испания июлдун башында Боливиянын президенти Эво Моралестин учагын өз аба мейкиндигине киргизбей койгону үчүн кечирим сурады. 15-июлда Испаниянын Боливиядагы элчиси Анхел Васкес Боливия бийликтерине буга байланыштуу дипломатиялык нота тапшырды.
2-июлда Испания, Франция, Италия жана Португалия өз аба мейкиндиктерин Москвадан келаткан Моралестин учагы үчүн жаап коюшкан. Эво Моралес анын учагында АКШнын коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден бар деп шектелген.
Боливия жана Латын Америка өлкөлөрү бул инцидентти дипломатиялык нормаларды бузат деп сындашкан. Боливия Венесуэла жана Никарагуа сыяктуу эле Сноуденге саясий башпаанек сунуштаган. АКШ Сноуденди жашыруун маалыматты таратты деп күнөөлөп жатат.
23-июнда Гонконгдон учуп келгенден бери Сноуден Москвадагы "Шереметьево" аэропортунун транзиттик бөлүмүндө жүрөт. Вашингтон анын Америкага берилишин талап кылуудп. (AiK)