Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:07

Панамада түндүк кореялык кеме кармалды


Панаманын бийликтери түндүк кореялык кемени кармагын жарыялашты, алдын ала маалыматтар боюнча, кемеде декларацияланбаган ракеталык жабдыктар бар. Кеме Кубадан Түндүк Кореяга Панама каналы аркылуу келаткан.

Бул тууралуу Панаманын президенти Рикардо Мартинелли билдирди. Президенттин билдиришинче, кеме кылдаттык менен текшерилет, ал эми кеменин экипажы каршылык көрсөткөн, капитан болсо өзүн өлтүргүсү келген.

Көз карандысыз булактар азырынча Панаманын президентинин билдирүүсүн тастыкташкан жок.

Түндүк Кореяга ал ядролук жана ракеталык сыноолорду өткөргөндүгү үчүн Бириккен улуттар уюмунун санкциялары киргизилген. (AiK)

XS
SM
MD
LG