Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:05

Циммермандын акталышы нааразылык жаратты


Жорж Циммермандын акталышына нааразы адамдар Лос Анжелестеги жолдордун бирин тосушууда. 14-июль 2013.
Жорж Циммермандын акталышына нааразы адамдар Лос Анжелестеги жолдордун бирин тосушууда. 14-июль 2013.

Флориданын соту 17 жаштагы Трэйвон Мартинди өлтүрдү деп айыпталып жаткан Жорж Циммерманды “айыпсыз” деп актады.

Соттун аныктамасында Циммерман ынды кара улан менен мушташып жатып, “өзүн коргоо” үчүн ага ок аткан. Сот ошондой эле айыпкерге “этияттык кылбай өлтүрдү” деген бир кыйла жеңил беренени да колдонбоду. Бирок соттун өкүмү расалык негизде кабыл алынды деген жарандар АКШнын бир катар шаарларында көчө жүрүштөрүн өткөрүштү. Циммермандын иши кайра тергелүүдө.

Соттун мындай өкүмү юристтерди таң калтырган жок. Себеби Stand your ground, кыргызча айтканда “Өзүңдүкүн бербе” деген мыйзамга ылайык, АКШнын 20дан көп штатынын, анын ичинде окуя болгон Флориданын калкы өз үйүндө жана коомдук жайларда өмүрүнө коркунуч туулганын сезсе, коргонуу үчүн курал колдоно алат.

29 жаштагы Жорж Циммерман былтыр февралда өзү жашаган райондо түнкү ыктыярчы патруль болуп жүрүп, ынды кара Трэйвон Мартинди кылмыш жасашы ыктымал деп шекшип токтотот. Жорждун айтымында, экөө чатакташып мушташа кеткен. Трейвон аны чалып жыгып, башын асфальтка ургулай баштаган кезде курал колдонгон.

Трэйвон Мартиндин тарапкерлери Нью-Йорктогу демонстрацияда. 14-июль 2013
Трэйвон Мартиндин тарапкерлери Нью-Йорктогу демонстрацияда. 14-июль 2013
Соттун өкүмү чыгар менен Нью-Йорк, Сан-Франциско, Бостон, Детройт жана Чикагодо миңдеген адамдар катышкан тынч демонстрация өттү. "Биз эмне каалайбыз? Адилеттикти! Качан каалайбыз? Азыр!" деп ураан чакырып жатышты соттун өкүмүнө нааразы миңдеген адамдар.

Циммерман өзү аргын үй-бүлөдөн. Атасы ак, апасы өңү кызгылт испаниялыктардан.

Дэви Шлайхер - Нью-Йорктун Таймс аянтына чыккан демонстранттардын бири.
“Бул соттун чоң жаңылыштыгы, -дейт Шлайхер "Мен сезип жатам: актар, каралар, деги теги ар кыл адамдар азыркы жагдайга тынчсызданып, чочулашууда. Коомдогу адилеттүүлүк жөнүндө тынчсызданган адамдар буга окшогон нерсенин Америка Кошмо Штаттарда болгонуна кыжаалаттанышы керек".

Кандуу окуяны кээ бирөөлөр 1955-жылы 14 жаштагы ынды кара баланы өлтүрдү деп айыпталган эки ак адамды соттун актоосу менен салыштырышат. 58 жыл мурдагы өкүм Жарандардын укугу үчүн кыймылды жараткан.

Техастагы А&M университетинин изилдөөсүнө караганда, Stand your ground мыйзамы кабыл алынгандан кийин коргоном деп, бирөөлөрдү атып салуу 8 процентке көбөйгөн.

Вашингтондогу Urban институтунун Адилеттүүлүк саясаты борбору өз изилдөөлөрүнө таянып, бул мыйзамдын негизинде ак түстөгү адамды өлтүргөнгө караганда, өңү кара адамды өлтүргөндөр 3,5 эсе көп акталган болушу керек дейт. Ал эми өлтүрүү негиздүү делип, толук акталган учурлар АКШнын соттору адам өлтүрүүлөр боюнча чыгарган өкүмдөрдүн 2 проценттен азын түзгөнүн аныктаган.

Жорж Циммерман өзүн актаган сот өкүмүн уккандан кийин. Флорида. 13-июль 2013
Жорж Циммерман өзүн актаган сот өкүмүн уккандан кийин. Флорида. 13-июль 2013
Жорж Циммерман эркиндикке чыкканы менен анын соту бүтө элек. АКШнын юстиция министри Эрик Холдердин айтышынча, Трэйвондун иши боюнча министрлик былтыр баштаган тергөө али уланууда жана юристтер Циммермандын жарандардын укуктары боюнча федералдык мыйзамдарды бузган учурларды иликтешүүдө.

Өңү түстүү калктын өнүгүүсүнө көмөктөшүүнүн улуттук ассоциациясынын төрагасы Бен Желоус "Си-Би-Си Ньюс" телеканалына курган маегинде:

"Биз Юстиция министрлигинен өз иликтөөсүн улантууну сурадык, алар тергөөнү улантууда. Бул окуянын Флоридада болгон себеби көбүн эсе Юстиция министрлиги соттун бүтүшүн күтөт. Министрлик эми Циммерманды жасаган иши үчүн жоопкерчиликке тартат”, - деди.

Президент Барак Обама жекшемби күнү Трэйвондун иши боюнча демонстрацияга чыккан элди сабырдуулукка үндөп, мындай деди: “Биз мыйзамдын өлкөсүбүз. Соттор өз сөзүн айтты”.

XS
SM
MD
LG