АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Орусиянын Федералдык миграция кызматына утурумдук башпаанек сурап, арызын берди. Бул тууралуу Коомдук палатанын мүчөсү Анатолий Кучерена кабарлады.
Анын айтымында, Сноуден "Шереметьево" аэропортунун транзиттик бөлүмүнөн чыга албагандыгына байланыштуу ал жакка миграция кызматынан адам жөнөтүлгөн.
Утурумдук башпаанек бир жылга берилет жана аны жыл сайын жаңыртса болот.
Орусиянын президенти Владимир Путин мунун алдында эгер Сноуден АКШ бийлигине каршы ишин токтотсо, ага саясий башпаанек берүүгө даяр экенин билдирген.
АКШнын жашыруун электрондук көзөмөлдөө программасын ашкере кылды деп мекенинде айыпталып жаткан Эдвард Сноуден акыркы үч аптадан бери Москвадагы “Шереметьево” аэропортунда турат. (AiK)