Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

АКШ: Түндүк Кореянын шектүү ракетасы БУУнун санкциясын бузат


АКШнын БУУдагы элчиси Розмари Дикарло Түндүк Кореянын Панамадагы кемесинен табылган шектүү ракетасы БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузууга жатаары ыктымалдыгын билдирди.
Дүйшөмбүдө Панама Түндүк Кореянын жүк ташуучу кемесин шектүү ракеталар бар деген жүйө менен 35 кишисин кошуп, камакка алган. Кеме Кубадан Түндүк Кореяга бараткан. Маалыматтарга ылайык, кеменин капитаны кармоо учурунда өзүн мууздоого аракет кылган.
АКШнын мамлекеттик департаменти Панаманын аракетин мактады.
БУУ Түндүк Кореяга өзөктүк жана ракеталык сыноолорду өткөргөнү үчүн эл аралык санкцияларды киргизгени белгилүү.

XS
SM
MD
LG