Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Жалал-Абад универсиада жеңүүчүсү Нурбек Акановду тосуп алды


Бүгүн Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги дарбаза алдында Казан универсиадасында бел күрөш боюнча алтын медал утуп алган Нурбек Акановду анын туугандары, күйөрмандары, спортчулар, шаардык спорт комитети жана журналисттер тосуп алды. Мэрияда өткөн чогулушта шаар башчы Мухтар Арапбаев балбанга жана анын машыктыруучусуна баалуу кийим жана акчалай сыйлык тапшырып, кийинки мелдештерде да алтын медал утса батир берүүгө убада кылды. Шаардын мурдагы мэри
Абдыманап Туратов алтын медал жеңген спортчуга шаардык мэриядан берилген акча алардын жол чыгымын да актабай тургандыгын айтып нааразы болду.

Казандагы универсиада бүгүн жыйынтыкталды. Кыргызстан 12 медалга ээ болду. Анын экөө алтын, экөө күмүш, калган сегизи коло. Кыргызстандан барган курама топко 98 спортчу кирген. (YA/KMa/RK)

XS
SM
MD
LG