Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:43

Бангладеште исламчы согуш кылмыштары үчүн кесилди


Бангладеште исламчылардын лидери согуш кылмыштары үчүн өлүм жазасына кесилди.

Бангладештин соту 1971-жылдагы Пакистандан көз карандысыздык үчүн согуштун мезгилиндеги кылмыштары үчүн "Жаммат-и Ислами" партиясынын баш катчысы Али Ахсан Мохаммад Можахединди бүгүн геноцид, киши өлтүрүп, кутум уюштурууга катышкан жана кыргынга кошумча болгон деген айыптар боюнча күнөөлүү деп тапты.

Өкүмгө нааразы болгон "Жамаат-и Ислами" өлкө боюнча иш таштоо жарыялады. Дүйшөмбүдө өкмөт түздүргөн Эл аралык кылмыш соту аталган партиянын лидери Гулам Азамды 90 жылга эркинен ажыраткан эле.

Бангладеш өкмөтүнүн санагында, Пакистан армиясы жана анын "Жамаат-и Ислами" өңдөнгөн колдоочулары 3 миллиондон ашык кишини өлтүрүп, 200 миңдей аялды зордуктаган. Көз карандысыз аналитиктер бул сандар анча так эмес экендигин айтышат.

XS
SM
MD
LG