Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Казакстан кармап кеткен малчылардын экөө коё берилди


Казакстандын чек арачылары кармап кеткен көлдүк малчылардын экөө коё берилди. Алардын бирөө өспүрүм бала. Бул жөнүндө бүгүн "Азаттыкка" Чек ара кызматынан кабарлашты. Калган жетөөнү бошотуу тууралуу да сүйлөшүүлөр уланууда. Алар боюнча Казакстанда тергөө жүрүп жатат.

11-июлда көлдө Кыргызстан менен Казакстан чектешкен аймакта мал жайып жүргөн тогуз адамды чек арадан өтүп кеткен деген айып менен казак тарапка алып кетишкен болчу.

Кармалгандардын биринин апасы Динара Бегимбаева "окуя болгон жерде чер ара зымдары тартылбагандыктан балдар билбестиктен кирип кетиши мүмкүн болчу" деген оюн айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG