Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:44

Орус оппозиционери Навальный камактан бошотулду


Орус президенти Путинди такай сындап келген оппозиционер Алексей Навальный камактан бошотулду. Кечээ Киров шаарынын райондук соту аны "Кировлес" ишканасын уурдап-тоногон деген айып менен беш жылга кескен болчу. Бирок адвокаттары облустук сотко доо арыз менен кайрылган. Бүгүн облустук сотто Навальныйга айып таккан прокуратура аны кечээки өкүм мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенче өлкөдөн сыртка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошото туруу өтүнүчүн келтирди. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды. Навальный менен кошо кечээ сот залынан камакка алынган бизнесмен Петр Офицеров да чыгарылды. Прокуратура өзүнүн өтүнүчүн соттун кечээ күнкү чечими Навальныйдын Москва мэрин шайлоо өнөктүгүнө катышуу укугуна тоскоолдук кылат деп түшүндүрдү. 17-июлда ал мэрлик кызматка талапкер болуп расмий каттоодон өткөн болчу. Бошонуп чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал:

- Шайлоо өнөктүгү улана берет. Себеби бул биздин шайлоо комиссиясы эмес, шайлоочулар менен мамилебиз. Кандай формада - байкот түрүндөбү же ат салышууну улантуу түрүндөбү, бул маселе мен Москвага барып, штабдын мүчөлөрү менен кеңешкенден кийин чечилет, - деди.


Навальный өзүнө тагылган айыптарды саясый куугунтук деп атап келет. Анын камакка алынышына каршы кечээ Киров шаарында, Москвада жана башка бир катар шаарларда нааразылык акциялары өттү. (RK)

XS
SM
MD
LG