Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Панамада АКШнын Чалгын кызматынын мурдагы офицери кармалды


Панамада АКШнын Чалгын кызматынын Миландагы кеңсесинин мурдагы жетекчиси Роберт Селдон Лейди кармалды. Быйыл ал Италияда тогуз жылга сыртынан соттолгон болчу. Ага 2003-жылы террористтер менен байланышы бар деп шектелген Египет жаранын кармап кеткени үчүн айып тагылган. Кармалган киши Осам Наср аны Египетке учак менен алып барып, кыйнап суракка алышканын айтып берген. Жалпысынан Италияда террорчу деп шектелгендерди башка өлкөлөргө алып чыгып кеткени үчүн АКШнын Чалгын кызматынын жана башка мекемелеринин 26 өкүлү соттолгон. Селдондун Панамада кармалганын бул өлкө тастыктады. Ал эми АКШ тарабынан азырынча комментарий боло элек. (RK)

XS
SM
MD
LG