Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:02

Атамбаев: аймактык падышалар өлкөнү бириндете албайт


Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев Казан Универсиадасынын жеңүүчүлөрү менен жолугушууда айтты. Ал араб өлкөлөрүндө башталган тирештер акыры дээрлик согушка жеткиргенин билдирди.

“Биздин өлкөдө да ошондой кылууну каалап жатышат, биздин саясатчылар мамлекеттик кызматтарды акчага маруу объектиси катары көрүшөт, алар үчүн өлкөбүз комок сыңары, болушунча байып алса болду, андан кийин маа демектен өрттөнүп кетсин. Күздө, балким, кийинки жазда солкулдатуу аракеттери болоруна ишенем, бирок биз өлкөбүздү сактап калабыз”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Кыргызстанда кыйла убакыт өткөөл мезгилге коротулганын айткан президент 20 жылдан кийин гана энергетикасы жагынан, коргонуу жагынан көз карандысыз Кыргызстан курулуп баштаганын белгиледи. "Аймактык падышалар өлкөнү бириндете албайт, биз күчтүү жана көз карандысыз мамлекет курабыз" деди президент Атамбаев.

Казан шаарында өткөн жайкы универсиадада кыргызстандын спортчулары 12 медаль менен 26-орунду алышты. (AKu)

XS
SM
MD
LG