Иши Жогорку Сотто каралып жаткан депутат Камчыбек Ташиевдин үч жансакчысынын жаңы жалдаган адвокаттары материал менен таанышып жатат. Адвокаттар жаңы болгондуктан 16-июлдагы сот 23-июлга жылдырылган.
15 томдон турган материал менен таанышып чыгуу көп убакытты талап кылгандыктан жактоочулар 23-июлга чейин да бүтпөй турганын “Азаттыкка” Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.
Депутаттын үч жансакчысынын кызыкчылыгын бир адвокат коргоп жаткан. Ал сотко келе албай калгандан кийин үчөө бирден жактоочу жалдады.
Былтыр 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен кармалган депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун соту Жогорку Сотто каралууда. Райондук сот аларды 1 жылдан 1,5 жылга чейин кескен. Бирок кийин шаардык сот актап, камактан чыгарган. Депутаттарга каршы кылмыш ишти козгогон Башкы прокуратура шаардык соттун өкүмүнө байланыштуу көзөмөл арыз менен Жогорку Сотко кайрылган. (AKu)