Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Пакистан Ооганстанда тынчтыкты орнотууга жардам берет


Пакистан Ооганстанга талибдер менен сүйлөшүүлөрдү уюштурууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри Наваз Шарифтин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча кеңешчиси Сартаж Азиз жекшембиде Кабулдагы сапары учурунда билдирди. Бул Пакистанда Наваз Шариф өкмөт башчылыгына келген соң Ооганстан менен ымаланы жакшыртуу максатын көздөгөн алгачкы сүйлөшүү болду.

Буга чейин бул эки өлкөнүн ортосундагы мамиле олку-солку болуп турган. Расмий Кабул Пакистанды талибдерге жардам берет деп айыптап келген.

XS
SM
MD
LG