Тандырчынын сыры
Оштук тандырчы Равшан Акрамов тандыр жасоонун сырларын айтып берди. Ал жыл сайын жайкы мезгилде жүзгө жакын тандыр жасап, сатат. Бала-чакасын негизинен ушул жумуштан тапкан акчасы менен багат. Ага-инилери да тандырчылыктын артынан үйлүү-жайлуу болушкан. Ал жасаган тандырларды учурда жергиликтүү ишкерлер Орусияга да алып барып сатууда. (Санжар Эралиев)