Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттигинин болжолдоосуна ылайык, 2013-жылдын 21-июлунан 24-июлуна чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн. Ал эми 21-22-июлунда Кыргызстандын аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы дыйканчылык аймактарда күндүз 20...25 градус жылуу болсо, тоолуу райондордо түнкүсүн абанын температурасы -3...-8ге түшөт, күндүз +2...+7 градуска чейин төмөндөйт. Мындай аба ырайынын өзгөрүлүшү айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратып, энергетика, автотранспорт, байланыш түйүндөрүнүн ишин жана жайыттарда мал багууну кыйындатат.
Ошого байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ири өлчөмдөгү чыгым менен адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык зыяндарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгы күчөтүлүүсү зарыл экендигин эскертет. (КЕ)