Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Беларус тышкы иштер министри Брюсселге барат


Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей бүгүн Евробиримдиктин Брюсселдеги башкеңсесине барат. Бул 2010-жылы Беларустагы талаштуу президенттик шайлоодон жана оппозициянын тарапкерлери куугунтукка алынгандан кийин Беларустун өкмөттүк чиновниктерине Брюссел санкция жарыялагандан берки биринчи визит. Биримдикке барганга тыйуу салынган адамдардын “кара тизмесинде” президент Александр Лукашенконун администрация башчысы Макей да бар болчу. Бирок Биримдик жакында виза санкциясын алып салган.

Макей Брюсселге Биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Катерин Эштондун чакыруусу менен “Чыгыш өнөктөштүгү демилгесинин” жыйынына катышканы барат. 2010-жылдын 19-декабрындагы шайлоодон кийинки көчө жүрүштөрдөн улам президент Лукашенкого атаандаш болгон бир нече талапкер жана башка оппозиция активисттери камакка алынган. Оппозиция Лукашенкону добуштарды бурмалоо менен кайра шайланды деп күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG