Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Мосулда Ирак армиясынын кайгуулуна кол салынды


Бүгүн Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында аскердик конвойго кол салынды. Ырасмий маалыматка караганда, көчөдө бараткан кайгуулдагы аскерлердин унааларын миналанган машине келип сүзгөн. Жанкечтинин бомба чабуулунан бери дегенде 12, балким 25ке чейин адам өлгөнү айтылууда. Кандуу булоон суннилер менен шииттер ортосундагы жаатташуу согушу кайра от алуудабы деген коркунучту күчөтүүдө.

Associated Press агенттигинин кабарлашынча, апрель айынан берки куралдуу коогалаңдарда 2 миңден ашуун ирактык апаат болду. Акыркы беш жылда Ирактагы зобун-зордуктарда мындай көп адамдын каны төгүлө элек болчу.

XS
SM
MD
LG