Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:37

Сот Цигельниковдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок


Апрель окуясы боюнча соттук териштирүүнү карап жаткан судья Дамир Оңолбеков жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариевдин өтүнүчүн канааттандырган жок. Бул тууралуу адвокат Жамансариев “Азаттыкка” билдирди. Бүгүн соттук териштирүү маалында Жамансариев "соттолуучу Сергей Цигельников сот залында жаңжалдын чыгышына себеп болду, жабыркагандарды мазактады", - деп анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнгөн.

17-июлда да апрель окуясы боюнча сотто жаңжал чыгып, он аскер кызматкери жабыркаган. Чыр соттолуучу Сергей Цигельников залда отурган жабыркагандарга колу менен кемсинтүүчү белги жасагандыктан чыкканы айтылган. Бирок сот буга далил жок экенин, Цигельников убагында сотко катышып жатканын айтып, өтүнүчтү канааттандырган жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG