Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Кыргыз-казак чегиндеги талаш жер боюнча сүйлөшүү уланат


Дүйшөмбүдө Бишкекте башталган кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын жыйыны уланууда. Анда эки тарап Таластагы Көк-Сай айылындагы талаштуу аймак боюнча маселени карап жатат. Өкмөттүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаровдун “Азаттыкка” кабарлашынча, кечээки сүйлөшүүлөрдө тараптар бир жыйынтыкка келе алышкан жок.

Буга чейин Таластын Көк-Сай айылынын тургундары 11 күн бою Казакстандын Жамбыл облусуна кетчү сугат сууну бууп турушкан. Алар былтыр күзүндө эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери кабыл алган айылдагы 2600 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашууга каршы чыгып, мурда Таласка караган жайыт жерлерди кайра алуу талабын коюшкан. Буга нааразы болгон Бишкектеги казак элчилиги билдирүү таратып, суунун буулуп турушун тартип бузуу деп атаган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG