Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

ЕККУнун Баткендеги кеңсесинин айнеги талкаланды


Мындай маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан «Азаттыкка» билдиришти. Маалыматка ылайык, 22-июлга караган түнү саат 10.30 чамасында Баткен шаарында жайгашкан ЕККУнун имаратына таш ыргытылып, коопсуздук кызматкерлери жайгашкан имараттын айнеги талкаланган. Эч ким жабыркаган эмес.

Шаардык милициянын бул иш боюнча ыкчам иликтөөсүнүн натыйжасында аймакта жарамазан айткан жашы жете элек балдар кармалган. Балдардын айтымында, жарамазан айткан учурда сыртка эч ким чыкпаганынан үйгө таш атышкан. Бул окуя боюнча кеңсе кызматкерлери менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду.

ЕККУнун Баткендеги кеңсеси 2010-жылы ишке берилип, шаардагы бир жер үйдү ижарага алышкан. Бирок али күнчө Баткендеги кеӊсенин макамы ачыкталбай, ЕККУнун имараты катары гана айтылып жүрөт. (JsA)

XS
SM
MD
LG