Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Жалал-Абадда сатуучу аялдар ишсиз калганына нааразы


Бүгүн мэрияга чогулган отуздай аял журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү. Шаардын борбордук базарындагы бут кийим павильонунда мурда иштеген аялдар ал оңдолуп бүткөндөн кийин жумуш орундары башка адамдарга жашыруун берилди деп, өздөрү иш орунсуз калганын айтып даттанышты. Шаар бийлиги менен журналисттерден адилеттикти калыбына келтирүүнү өтүнүштү.

Мэриянын жооптуу кызматкери базар жеке менчик болгондуктан анын ишине кийлигише албай тургандыгын билдирди. Телефону өчүрүлүп коюлгандыктан павильондун ээсинен жооп алууга мүмкүн болбой жатат. (YA)

XS
SM
MD
LG