Кытайдын Гансу провинциясында кечээги жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 94 адамга жеткенин бүгүн мамлекеттик Синхуа маалымат агенттиги кабарлады. Бир миңден ашуун адам жаракат алды. Үйсүз калгандар он миңдеп саналат. Жергиликтүү бийликтен кабарлашкандай, 2 миңдей үй такыр талкаланган, дагы миңдеген там-жайлар жарым-жартылай бузулду.
Дүйшөмбүдөгү зилзаладан сегиз шаарчадан 123 000 адам жабыркаганы айтылууда. Кытай бийликтери алгач зилзаланын күчүн 6.6 балл деп кабарлашкан. Анын артынан АКШнын Геологиялык борбору жер титирөөнү 5.9 баллдын тегерегинде болду деп билдирди. Жер бир канча ирет силкингени айтылган.