Социалдык фонддун төрага орун басары Теңизбек Абжапаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, пенсияны көбөйтүү үчүн бюджеттен 1 миллиард сомго жакын акча каралды. Учурда анын көбөйтүүнүн тартиби иштелип жатат. Бул кабыл алынып, өкмөт башчы бекиткен соң пенсиянын көлөмү 10 пайызга көтөрүлмөкчү. Абжапаров белгилегендей, пенсиянын жогорулашы эң төмөнкү өлчөмдөгү пенсияны минималдык керектөөгө теңдөө максатында жүргүзүлүп жатат.
Бүгүнкү күнү Кыргызстанда эң аз өлчөмдөгү пенсия 2 миң сомдун тегерегинде. Өлкөдө 23 миңге жакын адам төмөнкү өлчөмдөгү пенсия алышат. (BkA)
Бүгүнкү күнү Кыргызстанда эң аз өлчөмдөгү пенсия 2 миң сомдун тегерегинде. Өлкөдө 23 миңге жакын адам төмөнкү өлчөмдөгү пенсия алышат. (BkA)