Башкы прокуратура 2007-жылы Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттын иштетилиши боюнча кылмыш ишин козгоду.
Башкы тергөөчү органдын маалыматы боюнча, ШКУ саммитин өткөрүүгө байланыштуу Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияны оңдоп-түзөө үчүн 2007-жылдын февраль айынан июнь айына чейин мамлекеттик бюджеттен 42 млн. 800 миң сом бөлүнгөн. Филармониянын ошол кездеги жетекчиси Керим Турапов кол койгон келишимдин негизинде ремонт иштерине жалпысынан 22 млн. 782 миң сом коротулганы көрсөтүлгөн. Бирок соттук-курулуш экспертиза ремонт иштеринен 4,5 миллионго жакын каражат кымырылып алынганын аныктады. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Филармониянын мурдагы директору Керим Турапов ремонт иштеринен акча кымырылып алынды деген маалыматтар туура эмес экенин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул ишти ошол кездеги Президенттин администрация жетекчиси Медет Садыркулов, маданият министри болуп турган Султан Раев жана 28 кишиден турган комиссия көзөмөлдөп тураган. Ири көлөмдөгү ремонт иштери эки айда бүткөрүлгөн. (КЕ)