Кыргызстандын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана Кытайдын мамлекеттик ССТЕК ишканасы кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту. Ага ылайык, Кыргызстанда жер семирткичтерди өндүрүү боюнча ишкана ишке киришет. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгызбек Узакбаев кабарлады. Анын айтымында, завод жылына 310 миң тонна жер семирткич чыгарат. Мындан сырткары заводдун синтетикалык газ, дизелдик отун жана бензин кайра иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул маселе келерки апта өкмөттө каралат. Завод кайсы жерге, кандай болуп курулары, мөөнөтү ошондо чечилет.
“Инвестицияны толугу менен Кытай тарап төлөйт. Келишим толук аягына чыга элек. Кыргызстандын да бул жерде пайыздык үлүшү сөзсүз болушу керек”, - деди Узакбаев.
Эгерде ишкана иштей баштаса, Кыргызстандагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жер семирткичтерге болгон талабы толугу менен камсыздалаары айтылууда. (КЕ/AiK)