Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

Кыргыз-өзбек чек ара жетекчилери жолугушту


Бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матенов жана Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы Мамлекеттик чек ара ара комитетинин кол башчысы Рустам Иминжанов Аксы районунун Дейрес айылында жолугушту. Чек ара башчылары 23-июлда чек арачылардын ортосунда болгон атышуу тууралуу сүйлөшүп, окуяга байланыштуу өз жүйөлөрүн келтиришти. Соңунда тараптар окуяны өз алдынча иликтеп, кийин жыйынтыктары менен тааныштыруу чечимине келишти.

Жолугушууда Баткендин Кадамжай районунда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, бир жаранды атып кеткен окуя тууралуу сөз болгон жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Эки өлкөнүн аймактык Чек ара башкармалыгынын жетекчилеринин буга чейинки жолугушуусунда Аксыда орун алган окуяны биргелешип иликтөө чечими кабыл алынганы айтылган болчу.

Шейшембиде Аксы районуна караштуу Жети-Загара аймагында кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Окуяда бир өзбек чек арачысы ошол жерде өлгөнү, экинчиси жаракат алганы айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG