Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Казакстанда кармалган кыргыз малчыларынын соту эки айдан кийин болот


Бул тууралуу “Азаттыкка” Каракол чек ара аскер бөлүгүнүн саркери Кыялбек Төлөнбаев билдирди. Анын белгилешинче, Казакстан соту кыргызстандык беш малчынын баш коргоо чарасын карап, аларды эки ай убактылуу тергөө абыгында кармоо чечимин кабыл алды. Мындан мурда дагы эки малчыга ушундай чечим чыккан. Эми алардын соту эки айдан кийин болот. Ушул тапта Төлөнбаев малчылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сүйлөшүүгө Каркырага жөнөп кетти.

11-июлда Ысык-Көлдүн Түп районунун Корумду айылынын 9 тургунун Казакстан "чек араны бузду" деген айып менен кармап кеткен. Кармалгандардын жакындарынын айтымында, алар мал издеп жүрүп, чек арадан өтүп кетишкен. Буга чейин кармалгандардын арасында жашы жете элек бир өспүрүм менен дагы бир адам бошотулган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кармалгандардын ишин мыйзам чегинде тергөөнү жана аларды бошотууну өтүнүп, Казакстанга нота тапшырды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG