Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Ырчы Сагынбек Момбеков Таласта сабалганын айтып чыкты


Бул тууралуу “Азаттыкка” Момбеков өзү кабарлады. Анын айтымында, бүгүн ал Жерүй кенин иштетүү боюнча жыйынга катышуу үчүн Таласка барган. Ал жактан жергиликтүү эл менен жолугуп жаткан учурда белгисиз 10 чакты адам келип, опузалап, сабап кеткен. Момбековдун айтымында, бул адамдарда жетектеп өкмөттүн Таластагы өкүлү Койсун Курманалиеванын жакын адамдары жүргөн. Ал учурда бул окуя боюнча прокуратурага арыз жазганын билдирди.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Мужамеджан Суранчиев күч органдарына буга байланыштуу арыз түшпөгүнүн “Азаттыкка” билдирди. Койсун Курманалиева менен байланышууга мүмкүн болгон жок. (BkA/КЕ)

XS
SM
MD
LG