Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:52

БУУ: Сирияда 100 миңден ашык адам мерт болду


Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Сириядагы жарандык согушта 100 миңден ашуун адам мерт болгонун жарыя кылды. Пан Ги Мун Сириянын бийлиги менен оппозициясын 28 айдан бери уланып жактан кан төгүүнү токтотууга чакырып, бул маселе боюнча Женевадагы эл аралык тынчтык конференциясын “мүмкүн болушунча тез арада өткөрүү керек" деп билдирди. Буга чейин АКШ менен Орусия Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эл аралык конференция өткөрүүнү макулдашышкан. Анда Башар Асаддын өкмөтүнүн өкүлдөрү менен козголоңчулардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү баштоо аракети көрүлмөкчү.

Ал ортодо Сириянын өзүндө ондогон адамдардын өмүрүн алган жардыруулар үстөккө-босток уланып жатат. Кечээ баш калаа Дамасктын четиндеги шаарчалардын биринде мина катылган машине жарылып, 10 адам набыт болуп, 70тен ашууну жараат алды. (BkA)

XS
SM
MD
LG