Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Азия чемпионатында кыргызстандыктар азырынча 7 медалга ээ


Монголияда өтүп жаткан грек-рим жана эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын биринчи күнүндө кыргызстандык балбандар 2 алтын, 5 коло байге утту. Бул тууралуу “Азаттыкка” күрөш федерациясынын вице-президенти Кулболду Исаев билдирди.

58 килограмм салмактагы Нурсултан Ташболотов жана 63 килограмм салмактагы Рустам Рахматулаев Азия чемпиондору болду.

Жеңил салмактарда Азат Төлөнбай уулу, Адилет Таалайбеков, 50 килограммда Тынарбек Шаршанбеков, 54 килограмм салмакта Тынчтыкбек Абдыкеев, жана 69 килограмм салмакта Болотмырза Асанбеков Азия чемпионатында коло байге утушту.

Бүгүн 76, 85 жана 100 килограмм салмактагы балбандар күч сынашат.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 28-июлда жыйынтыкталат. 2012-жылы Бишкекте өткөн уландар арасындагы Азия чемпионатында кыргыз балбандары 8 медаль утуп, командалык эсепте биринчи орунду алышкан. (КМа)

XS
SM
MD
LG