Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:26

Бишкекте кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык жарманке ачылды


VIII эл аралык “Оймо” фестивалынын алкагында Кыргызстандын аймактарынан, Ооганстандан, Түркмөнстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан келген чеберлер Бишкектеги жарманкеде өздөрү жасаган эмгектерин тартуулап жатышат.

“Ала-Тоо” кинотеатрынын жанында орун алган жарманкеде колго жасалган сувенирлерден, аксессуарлардан тарта Борбор Азия элдеринин улуттук оймолору менен өзгөчөлөнгөн кийим, бут кийим, зер буюмдар, идиш-аяктар, буюмдар коюлган. Ош, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынан келген кол өнөрчүлөр кыргыздын улуттук буюмдарын сатып жатышат.

Жарманкеде Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген элүүгө жакын кол өнөрчү катышууда. Ал Бишкекте 28-июлга чейин өтүп, Чолпон-Ата шаарында 4-августта аяктайт. (TTo)

XS
SM
MD
LG