Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

Кыргызстандын аба мейкиндигинде дагы бир авиакомпания ишке киришет


Келерки аптадан тарта Кыргызстандын аба мейкиндигинде дагы бир авиакомпания ишке киришет. “Тез Жет” деп аталган авиакомпания 1-августтан тарта Бишкектен Баткенге жумасына төрт жолу, Ошко күн сайын каттай баштайт. Туристтик агенттиктердин билдиргенине караганда, “Тез Жеттин” Бишкек–Баткен каттамында жол киреси 3200 сомдон жана Бишкек–Ош каттамы боюнча билети 2000 сомдон болот.

Кыргызстанда Бишкектеги жана Оштогу аба майдандар кирешелүү болуп эсептелет. Ал эми ички каттамдардан Бишкек–Баткен жана Бишкек–Исфана каттамдары өздөрүн актаган багыттар.

Буга чейин 16-июлдан тарта Бишкек–Нарын каттамы 20 жылдан соң кайра калыбына келтирилген. Ошондой эле Жалал-Абад областынын алыскы Чаткал районундагы Каныш-Кыя аба майданын калыбына келтирүү боюнча узак мөөнөттүү пландар бар.

XS
SM
MD
LG