Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:07

АКШ Египеттин лидерлерин өлкөнү туңгуюктан сактоого үндөдү


Мамкатчы Жон Керринин айтымында, Египеттеги кан төгүүлөр менен коштолгон саясый кризис өлкөнү “бурулуш учурга” алып барды. Вашингтондо жасалган кайрылууда Керри Египеттин саясый жетекчилерин “тез чара көрүп,” өлкөнү жардын башынан арта кайтарганга чакырды. Египеттин саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымдашынча, ишемби күнү коопсуздук күчтөрү менен бийликтен кулатылган президент Мурсинин жактоочулары ортосунда болгон кагылышта 65 адам набыт болду. “Мусулман агайындар” 100дөн ашык адам өлгөнүн айтып, аскерлерди курал жараксыз адамдарды “атты” ден күнөөлөдү. “Америка авазы” радиосунун Каирдеги бюросунун башчысы Елизабет Аррот: "Жума күнү түндө бул митингдер башталганга чейин абал өтө курч болчу жана, албетте, көпчүлүк адамдар боолгоп жаткандай, таң атар алдында мынабу рейд болду. Армия биринчи баштадыбы, же провокацияга жооп бердиби, айтуу кыйын. Эки жак тең каршы тарапты биринчи баштады дешүүдө, “- деди “Азаттыкка”.

Каирдин кандуу булоон болгон Рабаа ал-Адауия мечитинин жанында мурсичил “Мусулман агайындардын” миңдеген тарапкерлери жылбай отурушат. Ишемби күнү таң эртең болгон тирешүүдө
Александрия шаарында тогуз киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG