Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

Киевдик Рустун тарса динине чокунуусунун 1025 жылдыгын майрамдоо уланууда


Орто кылымдагы Киевдик Русь мамлекетинин христиан динине чокунганынын 1025 жылдыгын эскерип, бүгүн чак түштө Орусия, Украина жана Беларустун чиркөөлөрү 15 мүнөт бою тынбай коңгуроолорун кагат. 1025 жыл мурдакы чокунуу орус, беларус жана украиндердин тарса динине өтүүсүнө жол ачкан. Мааракелик салтанат ишемби күнү Киевде Украин президенти Виктор Янукович, Орусия президенти В. Путин, Молдова президенти Н. Тимофти, Сербия президенти Т. Николич жана дүйнөдөгү тарса чиркөөлөрүнүн башчылары катышкан зыяпат менен башталды. Бүгүн саясый-диний маараке Беларуста улантылды. Владимир Путин жана Виктор Янукович болсо Севастополь шаарындагы Владимир чиркөөсүндөгү жаңы коңгуроону зыяпаттоо салтанатына катышты.

XS
SM
MD
LG