Өлкөнүн убактылуу президенти премьер-министрге нааразылыкка чыккандарды камоого буйруу укугун берди. Президенттин жекшембиде жарык көргөн жардыгында премьер-министр Хазем Баблуи киши өлтүрүүдөн башка, сот тарабынан чыгарылган бардык өкүмдөрдү жокко чыгаруу укугуна да ээ болгону айтылат.
Президенттин жардыгы Египеттин ички иштер министри Мухамед Ибрагимдин “тартип бузгандарга катуу чара көрүлөрү” тууралуу билдирүүсүнө улай жарыяланды.
Египеттин саламаттыкты сактоо министрлиги ишемби күнү коопсуздук күчтөрү менен бийликтен кулатылган президент Мурсинин жактоочулары ортосунда болгон кагылышта өлгөндөрдүн саны 72ге чыкканын билдирди. “Мусалман агайындар” 100дөн ашык адам өлгөнүн айтып, аскерлерди курал жараксыз адамдарды “атты” ден күнөөлөп жатышат.
АКШ мамкатчысы Жон Керри буга байланыштуу Вашингтондо жасалган кайрылуусунда Египеттин саясий жетекчилериин "тез чара көрүп", өлкөнү жар башынан артка кайтууга чакырды.