Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Кыйноого тушуккан балдарга акысыз укуктук жардам берилет


“Балдар укугун коргоо лигасы” коомдук уюму түрдүү кыйноолорго тушуккан балдарга акысыз юридикалык жардам берүүнү көздөөдө. Аталган уюмдун жетекчиси Назгүл Турдубекованын “Азаттыкка” билдиришинче, балдардын укугун мамлекет тарабынан коргоо жакшы жолго коюлбаганы үчүн укук коргоо системасында, балдар үйлөрүндө кыйноого жана зордук-зомбулукка дуушар болгон балдардын укугу корголбой калууда. Буга байланыштуу “Балдарды коргоо лигасы” балдарга акысыз юридикалык жана адвокаттык жардам бермекчи.

Көз каранды эмес эксперттер өспүрүмдөрдү кыйноого алуу тууралуу расмий статистика жок болгону менен алар милицияга түшүп калганда, эркинен ажыраганда жана балдар үйлөрүндө, интернаттарда тартип бузган учурда кыйноонун түрдүү формаларына көп кабылышарын белгилешет.

Ошол эле учурда мыйзам бузуп, колонияга түшкөн өспүрүмдөрдүн саны соңку беш жыл ичинде 51ден 28ге төмөндөгөнү айтылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG