Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:16

Эштон Египетке келатат


Европа Биримдигинин тышкы сайсатын тейлеген Кэтрин Эштон Египетке келатат. Европалык башкы дипломат Египет армиясынын башчысы жана башка жетекчилер менен президент Мухаммад Мурси кулатылгандан кийинки татаал кырдаалды талкуулайт.

Эштон бүгүн генерал Абдел Фатах ал-Сиси жана өлкөнүн убактылуу президенти Ади Мансур менен жолугушууга тийиш. Эштондун Мурсини колдогон "Мусулман агайындарынын" өкүлдөрү менен да көздөшүүсү пландалган.

Мурсинин колдоочуларынын ишембидеги демонстрациясында 70тен ашык кишинин өмүрү кыйылды.

Мурсинин оппоненттери ага улуттук кызыкчылыктан диний кызыкчылыктарды жогору койду деп күнөөлөшкөн.

XS
SM
MD
LG