Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Талас: Көксайлыктар бийлик менен жолугушууну талап кылышууда


Аймакта жүргөн кабарчыбыз Мирбек Айтикеевдин маалыматы боюнча, бүгүн жергиликтүү эл облус жетекчилери жана күч кызматтарынын өкүлдөрү менен жолугушууну көздөшүүдө. Бул тууралуу кечээ кечинде Көк-Сай айлынын клубуна чогулган элдик жыйында айтылган. Бүгүнкү жыйын саат 11ге белгиленген. Айылдыктар “маңзат табылды” деген шылтоо менен активисттерди камоо токтотулсун деп талап кылышууда. Эгер мындай улана берсе, Казакстандын Жамбул облусуна кетүүчү Быстроток каналын кайрадан бууй турганын билдиришүүдө.

Кечээ Таластын Көк-Сай айылынын тургуну Абдымалик Турсункуловдун үйүнөн маңзат табылды деген жүйөө менен маңзатка каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлери тинтүү жүргүзгөн учурда жергиликтүү эл муну күч органдары тарабынан атайын жасалган шантаж деп нааразылык билдиришкен. Натыйжада тараптардын каршылыгы күчөп, милиция асманга ок чыгарууга аргасыз болгон.

Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча маалымат бере элек, министрликтин басма сөз катчысы Абдираим Жоробаев маалыматтар такталып жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Абдымалик Турсункулов Көк-Сай айылындагы талаштуу аймак боюнча көз карандысыз комиссиянын мүчөcү. Көк-Сай айлынын тургундары 7-июлдан 18-июлга чейин Казакстандын Жамбыл облусуна кетчү сугат сууну бууп турушкан. Алар былтыр күзүндө эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери кабыл алган айылдагы 2600 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашууга каршы чыгып, мурда Таласка караган жайыт жерлерди кайра алуу талабын коюшкан. Кийин бул жерди аныктоо боюнча жергиликтүү кеңеш атайын көз карандысыз комиссия түзгөн.(MiA;ZKo)

XS
SM
MD
LG