Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:38

Матенов: Чек арачыларыбыз мыйзам чегинде иш кылган


Бул тууралуу КР Чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матенов “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анын айтуусунда “Жети-Загара” чек ара бекетинде болгон окуя тууралуу Өзбекстан, Кыргызстандын тиешелүү жетекчилери жолугуп, талкуулашты:

-Алар өз версиясын айтышты, биз өз версиябызды айттык. Бул маселе боюнча позициябыз келишкен жок. Мен окуяга катышкан чек арачылар менен сүйлөштүм. Биздин расмий маалыматтарда айтылгандай маалыматты эки чек арачыбыз мага да айтышты, доклад беришти. Алардын кыймыл-аракетинде мыйзамсыздык болду деп айта албайм, анткени чатакты чагым кылгандар коңшулардын чек арачылары болуптур, алар биринчи болуп физикалык күч колдонуп, куралын тартып алууга аракет кылышкан. Окту да биринчи болуп коңшу чек арачылар чыгарган экен.

Курманакун Матенов Ала-Букадагыдай окуя кайталанбасы үчүн тараптар аракет кылып жатканын кошумчалады.
Чек ара башчысы коңшулар менен чек ара маселелерин чечүү татаал болуп жатканына эгемендик алган жылдардан тарта он жыл аралыгында чек арага тиешелүү түрдө мамлекеттик маани берилбегени негизги себеп болуп жатканын да белгиледи. Анын айтуусунда ошол кезде чек араны кайтаруу боюнча мамлекеттик орган болгон эмес, ага жоопкер жергиликтүү бийлик болгон. Ошол тушта коңшулар тарабынан жылма экспансия күч алганы бүгүнкү күнү чек араны тактоодо чоң маселе жаратууда дейт Курманакун Матенов.

23-июлда Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде атышуу болуп, андан эки өзбек чек арачысы набыт болду. Кыргызстан Чек ара кызматынын маалымдоосуна караганда, өзбек чек арачылары Кыргызстан аймагына өтүп келгендиктен, эки ортодо келишпестик чыккан. Өзбек чек арачыларынын ок чыгаруусуна жооп кылган кыргызстандык чек арачылар да ок чыгарышкан. Натыйжада бир өзбек чек арачысы ошол жерде, экинчиси ооруканада каза тапкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG