Чүйдүн милициясы кара куурайга каршы жүргүзгөн атайын операциянын жыйынтыгын чыгарууда. Бир жума ичинде 96 гектар аянт текшерилип, 40 гектарында өскөн кара куурай жок кылынды. Операция учурунда 7 кылмыш катталды. Алар кара куурай өстүрүп, сатууга байланыштуу. Кармалган 434 килограмм маңзаттын 433ү кара куурай, 133 граммы героин жана 815 граммы марихуана болуп чыкты. (RK)