Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Ооганстанда атышууларда өлгөн жайкын тургундардын саны өстү


Бириккен улуттар уюму Ооганстанда набыт болгон жайкын тургундардын саны дээрлик 25% өстү деп билдирди. Быйылкы жылдын алты айында өлкөдө атышууларда жана козголоңчулардын чабуулдарында жөнөкөй тургундардан 1 миң 319 адам өлгөн, 2 жарым миңден ашууну жаракат алган.

Улуттар уюмунун Ооганстандагы миссиясынын адам укуктары боюнча расмий өкүлү Георгетте Гагнон бүгүн Кабулда буларды айтты:

- 2013-жылдын биринчи жарымында куралдуу конфликттен жапа тарткан ооган тургундарынын саны артты. Набыт болгон же жаракат алган жайкын элдин саны, былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырганда, 23% өстү.

Куралсыз, бейкүнөө элдин өлүмүнө эң оболу козголоңчул топтордун чабуулдары себеп деп жатышат. Жоочулар менен өкмөттүк аскерлердин калктуу пункттардагы атышуулары экинчи башкы себеп катары аталды. Өлкөдө коопсуздукту камсыздоо милдетин өткөн айда ооган армиясы өзүнө алган. Келерки жылы өлкөдөн чет мамлекеттик аскерлер чыгарылышы пландалууда.

XS
SM
MD
LG