Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Борбор Азия чек ара кызматтарынын башчылары Бишкекке чогулушат


Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Ооганстандын чек ара башчыларынын август айына болжолдонуп жаткан жолугушуусунда 2014-жылы антитеррордук коалициянын аймактан чыгышына байланыштуу маселе каралмакчы. Бул тууралуу кыргыз чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матенов билдирди.
Анын айтуусунда, жолугушууга келүүчү тараптарга чакыруулар жиберилди.

Курманакун Матенов коалициялык күчтөр чыгып кеткенден кийин коопсуздукту сактоо чаралары күчөтүлүүсү зарылдыгын айтып, чек ара жана атайын кызматтарды күчтөнтүү, материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу жана аскерлердин оперативдүүлүк мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу багыттары боюнча иш алынып барыларын кошумчалады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG