Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Караколдо абак кызматкери октон мерт болду


Караколдо абак кызматкери октон мерт болду. Жаза аткаруу кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, окуя бүгүн таңга жуук Караколдогу №23 тергөө абагында болгон. Ички кызматтын кенже сержанты Назарбек уулу Улукбек көкүрөгүнө тийген октон мерт болгон. Бирок ал өзүн өзү аттыбы же бирөөнүн колунан ажал таптыбы, азырынча так маалымат жок. Окуя болгон жерде облустук прокуратуранын кызматкерлери иштеп жатат. Бишкектен Жаза аткаруу кызматынын борбордук аппаратынын өкүлдөрүнөн турган атайын топ да жөнөп кетти. 20 жаштагы Назарбек уулу Улукбек тергөө абагына кызматкер болуп былтыр май айында орношкон. (MK/RK)
XS
SM
MD
LG