Тажик президенти Эмомали Рахмон менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин эки тараптуу кызматташтыктагы негизги маселелерди талкуулашканы айтылууда. Анда орус жериндеги тажик мигранттарынын абалы, Тажикстандагы энергетикалык долбоорлордун ишине Орусиянын катыштыгы жана Тажикстандагы орус аскерий базасынын иш мөөнөтүн узартуу маселелери каралган.
Президенттер келерки жылы Тажикстандын түштүктөгү коңшусу Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгарылгандан кийинки Борбор Азиядагы коопсуздук маселеси боюнча да ой бөлүшкөнү кабарланууда.
Тажик президентин бул визитте коргоо, экономика жана соода, энергетика жана өндүрүш министрлери, өлкөнүн Миграция кызматынын башчысы коштоп барышты.