Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:18

Президент "Эркин экономикалык зоналар жөнүндө" мыйзамга вето койду


Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда эркин экономикалык зоналарды түзүүнүн, иштетүүнүн жана жоюунун укуктук негизин аныктаган мыйзамдын жаңы редакциясын жалпысынан колдогон, бирок бажы көзөмөлүн камсыз кылуу максатында ЭЭЗди тосмолоого кайтып келүүнү сунуштаган.

Президент эркин экономикалык зоналарды ачык кармоо – анда өндүрүлгөн товарларды бажылык көзөмөлдөөнү оорлотот деп эсептейт, ошондой эле аймактагы ишканаларга берилген жеңилдетилген шарттарда бажы төлөмдөрүн жана салыктарын жыйноодо маселе келип чыгат деп белгилейт. Андан тышкары мамлекет башчысы Эркин экономикалык зонанын башкы директорун жана анын орун басарларын дайындоо укугун премьер-министрге берүү максатка ылайыктуу деп эсептейт.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Эркин экономикалык аймактар жөнүндө” мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгууну парламентке сунуштаган.

Жогорку Кеңеш “Эркин экономикалык зоналар жөнүндө” мыйзам долбоорун 13-июнда кабыл алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG